Адылбек Касымалиев менен Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн директору Лаура Фриженти билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты

Вашингтондо Дүйнөлүк банк тобу менен ЭВФтин жазгы жолугушууларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн Аткаруучу директору Лаура Фриженти менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү перспективаларын талкуулашты.

Адылбек Касымалиев билим берүү тармагына жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө инвестициялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу багыты жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин баса белгиледи.

Ал Лаура Фрижентиге «Алтын Казыктын» 2026-жылга чейинки масштабдуу иш-чаралар планы тууралуу айтып берди, анда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, STEM предметтери жана англис тили боюнча эл аралык деңгээлдеги окуу китептерин киргизүү, ошондой эле билим берүү жана башкаруу процесстерин санариптештирүү кирет.

“Биз билим берүүгө жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялар өлкөбүздүн келечегине жумшалган инвестиция экендигине ишенебиз. Ошондуктан биз бүтүндөй билим берүү системасын масштабдуу трансформациялоону ишке ашырып жатабыз”, – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Өз кезегинде Лаура Фриженти Кыргызстандын билим берүү системасын модернизациялоо аракетин жогору баалап, уюм өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин ырастады.

Тараптар Кыргызстан менен GPE ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо билим берүүнү өнүктүрүүдө жана өлкөнүн гүлдөп-өсүшүнө салым кошууга жөндөмдүү атаандаштыкка жөндөмдүү адамдык капиталды даярдоодо олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүндүк берерине ишеним билдиришти.

Связанный пост