Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине “Инфодокс” системасында документтер менен иштөөнү тездетүүнү тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик башчыларына “Инфодокс” электрондук тутумунда документтер менен иштөөнү тездетүүнү тапшырды.

Анын айтымында, талдоо көрсөткөндөй, мамлекеттик органдардын жетекчилери келип түшкөн документтер жана токтомдорго кол коюу менен жетиштүү деңгээлде натыйжалуу иштебей жатышат.

«Электрондук документ жүгүртүү системасы менен иштөө мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, документтерди жетекчилер 1 сааттын ичинде карап чыгышы керек деп эсептейм. 2025-жылдын январь-март айларынын статистикасына ылайык, ар бир үчүнчү документ тиешелүү аткаруучуларга жөнөтүлгөнгө чейин 1 сааттан ашык мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан каралып чыккан. Маселен, Араван, Ноокат райондорунун мамлекеттик администрацияларында, ошондой эле Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте 1 сааттын ичинде 5 документтин 1 документи гана каралган. Ошол эле учурда документтерди ыкчам карап жаткан мамлекеттик органдарды белгилегим келет. Москва районунун мамлекеттик администрациясынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, ошондой эле президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты келип түшкөн документтерди натыйжалуу карап, бир сааттын ичинде бардык документтердин 80-90%ын иштеп чыгууга кабыл алууда», – деди Адылбек Касымалиев.

Министрлер Кабинетинин башчысы андан ары, жүргүзүлгөн талдоолорго ылайык, келип түшкөн документтерди ыкчам карап жаткан кызматкерлерди, анын ичинде Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Бакыт Акжолтоевди, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованы, Аламүдүн районунун акими Азамат Эргешовду белгиледи.

Ошол эле учурда Кемин, Нарын, Сокулук, Өзгөн райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары, ошондой эле Ленин районунун муниципалдык администрациясы жана Тышкы иштер министри келип түшкөн каттардын аздыгына карабастан 20 каттын ичинен бир гана документти бир сааттын ичинде карап чыгып, тиешелүү тапшырмаларды беришүүдө.

Документтерди ыкчам караган органдардын катарына Экономика жана соода министрлигин, Чүй районунун мамлекеттик администрациясын да кошуу керек. Бул органдарда бир саатта каралган документтердин саны боюнча орточо көрсөткүчтөр бар, бирок алардын көрсөткүчтөрү документ айлантуунун көлөмүн эсепке алуу менен көптөгөн министрликтер менен ведомстволордун көрсөткүчтөрүнөн ашып кетет.

«Электрондук документ жүгүртүүнүн алкагында берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткаруу үчүн чечимдерди кабыл алуунун ылдамдыгы өтө маанилүү. Президенттин ишинин темптерин билесиздер жана азыркы шартта бул процессти басаңдатуу өлкөнүн жогорку жетекчилигинин ишине саботаж катары кабыл алынат. Келечекте келип түшкөн документтерди карап чыгууда негизсиз кечиктирүүгө жол бербеңиздер! Эске сала кетейин, өлкөнүн жогорку жетекчилигинин, министрлер кабинетинин жана президенттик администрациянын бардык тапшырмалары өз убагында аткарылышы зарыл, адл эми кетирилген катачылыктар үчүн жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт”, – деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.

Связанный пост