Адылбек Касымалиев Ливиянын Президенттик кеңешинин төрагасы Мохаммед Юнис Ахмед Аль-Менфи менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуунун алкагында, Түркмөнстанда Ливия мамлекеттинин Президенттик кеңешинин төрагасы Мохаммед Юнис Ахмед Аль-Менфи менен жолугушту.
МинКаб башчысы жолугушууда, Кыргыз Республикасы араб дүйнөсү жана Африка континентинин өлкөлөрү, анын ичинде Ливия менен кызматташтыкты кеңейтүүгө маани берээрин белгиледи.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу келишимдерге жетишүүнү талкуулашты.
Ошондой эле өз ара колдоого негизделген БУУнун алкагында кызматташуу талкууланды.