Адылбек Касымалиев Кытайдын Гонконг боюнча Каржы катчысы Пол Чан менен каржы кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Атайын административдик району Гонконгго (КЭР ААР Гонконг) болгон жумуш сапарынын алкагында Гонконгдун Каржы катчысы Пол Чан менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар каржы, банк, билим берүү жана соода тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн перспективаларын талкуулашты.
“Кыргызстан Гонконг менен каржы борборлорун, банк тутумун жана логистикалык хабтарды түзүү жана башкаруу боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар”, – деди Адылбек Касымалиев.
Алар ошондой эле КЭРдин ААР Гонконгдо Кыргыз Республикасынын облигацияларын чыгаруу боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Өз кезегинде КЭРдин ААР Гонконгдун Каржы катчысы Пол Чан өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн чоң потенциалын белгилеп, финансылык-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.