Адылбек Касымалиев Кыргызстандын энергетиктерине ата мекендик өндүрүштөгү жаңы техниканын ачкычын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине заманбап техниканы өткөрүп берүү аземине катышты.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө өлкөнүн динамикалуу өнүгүшүндө энергетика тармагынын негизги ролун баса белгиледи. Ал энергетика компанияларын реформалоо, чыгымдарды оптималдаштыруу жана материалдык-техникалык базаны модернизациялоо боюнча Министрлер Кабинетинин жигердүү ишин өзгөчө белгиледи.

МинКаб башчысы эскерткендей, 2023 – жылы 178 даана жаңы атайын техника 699,8 млн сомго сатылып алынган, ал эми 2024-жылы 129 унаа 526 млн сомго сатылып алынып, аймактарга ийгиликтүү бөлүштүрүлгөн.

“Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан сиздерди техникалык парктын жаңылануусу менен куттуктайм. Бүгүн мен 102 млн сомго сатылып алынган 19 бригадалык унаанын жана 35 кызматтык унаанын ачкычын тапшырып жатам”, – деди Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Төрага бардык 54 техника ата мекендик заводдо өндүрүлгөнүн, анын айтымында бул “Атамекендик өндүрүштүн өсүшүнүн жана өлкөнүн инженердик-техникалык потенциалын өнүктүрүүнүн жаркын күбөсү”экенин баса белгиледи.

“Акыркы 4 жылда Кыргызстандын экономикалык өсүшү жылына орточо 9% ды түзөт. 2025-жылдын биринчи чейрегинде бул көрсөткүч 13,1% га жетти, бул эң жогорку көрсөткүч. Өткөн жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгында 102 өнөр жай ишканасы ачылган. Ал эми быйыл 128 ишкана ачуу пландалууда”, – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин төрагасы

Адылбек Касымалиев энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн Камбар-Ата ГЭС-1ин куруу сыяктуу ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Ар бир техника бирдигин улуттук байлык катары карап, аны кылдаттык менен колдонуп, ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылыңыздар. Ар бир техника элдин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылсын”, – деди ал энергетиктерге кайрылуусунда.

Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев өлкөнүн материалдык-техникалык базасын мындан ары да бекемдөө иштери улантылып жатканын билдирди.

Иш чаранын салтанаттуу бөлүгү аяктагандан кийин МинКаб башчысы аймактык энергетикалык ишканалардын өкүлдөрүнө жаңы техниканын ачкычтарын жеке өзү тапшырды.

Связанный пост