Адылбек Касымалиев: Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкын энергетика жана суу менен камсыздоо тармагын өнүктүрүүдөгү негизги өнөктөштөрдүн бири катары карайт
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) Президенти доктор Мохаммед бин Сулейман Аль-Жассер Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары – энергетика жана калкты таза суу менен камсыздоо боюнча өнөктөштүктү кеңейтүү болду.
Адылбек Касымалиев доктор Аль-Жассерге Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн ИӨБ менен кызматташуунун стратегиялык маанисин белгиледи.
“Биз Ислам өнүктүрүү банкынын өлкөбүзгө көрсөткөн үзгүлтүксүз колдоосун жогору баалайбыз: “Сиздердин кызматташууңуздар биздин улуттук артыкчылыктарды ишке ашыруу үчүн чоң мааниге ээ”, – деп белгиледи МинКаб Төрагасы.
Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгынын жана Борбор Азиядагы суу-энергетикалык балансты турукташтыруунун негизги элементи катары Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулду.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы долбоорду ишке ашырууга даярдыктын жүрүшү, анын ичинде техникалык-экономикалык негиздемени аяктоо жана Казакстан жана Өзбекстан менен өкмөттөр аралык келишимди иштеп чыгуу тууралуу маалымат берди.
Доктор Аль-Жассер өз кезегинде ИӨБ Кыргыз Республикасы менен кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин ырастап, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, энергетикалык коопсуздукту жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал ошондой эле кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча натыйжалуу иш алып баруу үчүн Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнөн биргелешкен техникалык топторду түзүүнү сунуштады.
Жолугушуу эки тараптуу документтерге кол коюу аземи менен жыйынтыкталды.