Адылбек Касымалиев: Кыргызстан дагы бир жолу кыйынчылыктарды жеңип, алдыга амбициялуу максаттарды коюп, аларды ишке ашырууга жөндөмдүү экенин көрсөттү
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Өтүп жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, “2024-жыл өлкө үчүн өзгөчө маанилүү жана ийгиликтүү жыл болду” деп белгиленди.
«Кыргызстан дагы бир жолу кыйынчылыктарды жеңип, алдыга амбициялуу максаттарды коюп, аларды ишке ашырууга жөндөмдүү экенин көрсөттү. Бул жетишкендиктердин бардыгы мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун акылман жетекчилигинин аркасында, анын жеңилбес эрки, тынымсыз аракети жана ишенимдүү стратегиялык чечимдеринин аркасында ишке ашты. Президенттин элдин бакубаттуулугуна багытталган саясаты Кыргызстанды жаңы тепкичке алып чыкты», – деп баса белгиледи МинКаб башчысы жана Министрлер Кабинети өз кезегинде жетишилген ийгиликтерди мындан ары да бекемдөөгө, жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу жана экономика, социалдык өнүктүрүү жана инфраструктура жаатындагы аракеттерди күчөтүп, элдин турмушун жакшыртууга умтулуп жатканын кошумчалады.
«Биздин негизги приоритетибиз — баштаган долбоорлорубузду аягына чыгаруу жана 2025-жылы жаңы ийгиликтерди камсыз кылуу», — деди МинКаб Төрагасы.