Адылбек Касымалиев КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Касымалиев Адылбек Алешович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо үчүн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.