Адылбек Касымалиев КМШнын башкы катчысынын биринчи орун басары менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко менен жолукту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочу катары КМШ байкоочуларынын миссиясы аккредитацияланган, Игорь Петришенко КМШ байкоочуларынын миссиясынын башчысы.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, өлкө президенти – шайлоого ар кандай кийлигишүүнү болтурбай турган эркин, ачык жана таза шайлоо процессин камсыз кылуу боюнча бардык мамлекеттик органдардын алдына так милдетти койгонун айтып, буга байланыштуу Кыргызстан эки тараптуу да, ошондой эле беделдүү эл аралык уюмдар аркылуу да эл аралык байкоочулардын кеңири өкүлчүлүгүн өлкөгө чакырганын билдирди.

“Биз КМШ миссиясынын, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жана Шериктештикке мүчө мамлекеттердин байкоочу миссияларынын, ошондой эле эл аралык байкоочулардын катышуусуна өзгөчө маани беребиз. КМШ миссиясынын салттуу катышуусу биз үчүн ар дайым ишенимдин, өнөктөштүктүн жана тилектештиктин символу болуп келген”, – деди минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде КМШнын башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко, КМШ миссиясы Кыргызстанда алдыдагы шайлоодо байкоо жүргүзүүдөгү иш алып баруусу тууралуу маалымат берди.

Связанный пост