Адылбек Касымалиев кинорежиссер Никита Михалковго “Достук” орденин тапшырды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында Россия Федерациясынын Маданият министри Ольга Любимова менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө россиялык көрүнүктүү кинорежиссер Никита Михалковго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы “Достук” орденин тапшыруу аземи болуп өттү.
Катышуучуларды куттуктоо сөзүндө Адылбек Касымалиев Маданият күндөрүн өткөрүү эки өлкөнүн тарыхый байланышын чыңдоого салым кошуп жатканын белгиледи.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Никита Михалковду 80 жылдык туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, анын дүйнөлүк кинематографияны өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.
МинКаб Төрагасы Никита Михалковго бекем ден соолук, түгөнгүс энергия, маданиятты өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо үчүн мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди каалады.