Адылбек Касымалиев Google өкүлдөрү менен өнөктөштүк маселелерин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумуш сапарынын алкагында Google технологиялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууга Google компаниясынын билим берүү боюнча глобалдык директору Тимоти Паолини жана компаниянын башка өкүлдөрү катышты.

Минкаб төрагасы санариптештирүү мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири экенин, Google сыяктуу технология лидерлери менен кызматташуу өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

Адылбек Касымалиев министрлер кабинети билим берүү системасын модернизациялоого жана билим берүү процессине санариптик технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Бул багыттагы маанилүү кадам 2024-жылдын апрель айында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Google Ireland Limited” компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу болду.

Google компаниясынын өкүлдөрү мындан аркы кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү системасын санариптик трансформациялоо жаатындагы өнөктөштүк маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл IT-тармагында жумуш орундарын түзүү, стартаптарды колдоо, санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук жаатында адистерди даярдоого бурулду.

Связанный пост