Адылбек Касымалиев БУУнун конференциясынын катышуучуларын тосуп алуу аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагында, деңизге чыга албаган, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын ачылышына карата катышуучуларды тосуп алуу аземине катышты.

МинКаб башчысын Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердимухамедов тосуп алды.

Мындан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышты.

Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагындагы, 2025-жылдын 5–8-августунда өтүп жаткан БУУнун деңизге чыга албаган, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча Үчүнчү Конференциясына 100дөн ашуун делегация катышууда.

Маалымат үчүн:
“Өнөктөштүк аркылуу прогресске жетүү” темасында өткөрүлүп жаткан БУУнун конференциясына:
– 32 деңизге чыга албаган, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жана өкмөт жетекчилери, делегация башчылары;
– 47 чакан аралдык мамлекеттердин делегация башчылары;
– 49 эң аз өнүккөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү;
– БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана анын орун басарлары;
– Эл аралык жана аймактык уюмдардын, каржы институттарынын, жарандык коомдун жана жеке сектордун өкүлдөрү катышууда.

Связанный пост