Адылбек Касымалиев бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бизнес-таңкы тамак форматында жолугушуу өткөрдү
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бизнес-таңкы тамак форматында жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарага 60ка жакын ишкерлер жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.
МинКаб башчысы бул жолугушуу – актуалдуу маселелерди ачык талкуулоого, идеяларды алмашууга жана экономиканы мындан ары өнүктүрүү жана өлкөбүздө ишкер климатты жакшыртуу үчүн биргелешкен чечимдерди табууга мыкты мүмкүнчүлүк экендигин белгиледи.
Адылбек Касымалиев мамлекет менен бизнестин ортосундагы конструктивдүү диалогдун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Министрлер кабинети өз ара аракеттенүүгө жана чечимдерди биргелешип иштеп чыгууга берилгендигин ырастады.
“”Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири ата мекендик жана чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бизнести колдоо болуп саналат. Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен мындай жолугушуулар квартал сайын өткөрүлөт. Бул мамлекеттик органдар менен ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы актуалдуу маселелерди чечүү боюнча натыйжалуу диалогду колдоого мүмкүндүк берет”, – деди ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес-климатты жакшыртуу, ишкерликти колдоо, инвестицияларды тартуу жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Ишкерлер экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү боюнча өз сунуштары жана көз караштары менен бөлүшүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тармактык ведомстволорго тийиштүү тапшырмалар берилет.