Абхаз, армян номерлүү унаалардын ээлерине жеңилдиктер берилди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев абхаз, армян номерлүү унаалардын ээлери менен жолукту.
Атайын кызматтан билдиришкендей, жыйынга тийиштүү мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери да катышты.
Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарда абхаз, армян номурлуу унаалардын айрым ээлери машинелерди мыйзамдаштыруу процесси боюнча өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошкон. Мындан улам Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кайрылуу жолдогон жарандар менен жолугуп, алардын үнүн укту.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик сунуштаган тиешелүү токтомдо унааларды легалдаштыруу 15-мартта башталып, сентябрдын ортосунда жыйынтыкталары жазылган. Армян, абхаз номерлүү унаалардын ээлери бул убакыт ичинде унаасын легалдаштыруу үчүн агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек болгон.
Биринчи кезекте документи бар наалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынаары маалымдалган. Мыйзамдаштыруунун баасы 100 миң сом деп белгиленген.
Жыйындын жүрүшүндө Абхазиядан, Армениядан ташылып келген машинелердин ээлери аталган сумма көп экенин айтып, арзандатып берүү өтүнүчүн билдиришти. Ошондой эле унааларга катталган аймагына жараша номур берүүнү жана каттоо процессиндеги айрым көйгөйлөргө токтолушту.
Өз кезегинде УКМК төрагасы учурда абхаз, армян номерлүү нааларга байланыштуу буга чейин бекитилген токтомго ылайык, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан чаралар көрүлүп жатканын кабарлады. Жарандарга түшүнүксүз болуп жаткан айрым маселелер боюнча тийиштүү жетекчилерди сынга алды.
Ошондой эле төрага алдыда чет өлкөлүк номерлүү унааларга чыккан токтомго өзгөртүүлөр киргизилээрин маалымдады. Анда абхаз, армян номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун баасы, 2ге чейинки объемдогу унааларга 50 миң сомго төмөндөтүлдү. Ал эми унаа токтотуучу жайга күнүнө 100 сом эмес, 50 сом деп каралды. Тийиштүү лабороториялык текшерүүнүн баасы 2800 сомдон 1000 сомго түшүрүлдү. Ал эми Чек ара кызматынан берилүүчү аныктама жокко чыгарылды. Муну менен КР жарандарына жеңилдиктер берилди.
УКМК төрагасы тийиштүү мекемелрдин жетекчилерине жогоруда айтылган маселелерди тез арада чечүү тапшырмасын берип, унааларды мыйзамдаштыруу процессин да кечеңдетпей жоопкерчилик менен кароону тапшырды.
Белгилей кетсек, абхаз, армян номурлуу машинелердин ээлери мыйзамдаштыруу процессине байланыштуу 14-апрелден баштап УКМКнын жергиликтүү бөлүмдөрүнө кайрылса болот.
Эске салсак, унааларды мыйзамдаштыруу менен сатууга уруксат берилбейт. Мыйзамдаштыруу иштери толук бүтмөйүнчө унааны айдоого тыюу салынат. Ал эми унааны мыйзамдаштыруу процесси учурунда гана пайдаланууга болот.