Чек ара кызматынын директору алмашты

 Чек ара кызматынын директору алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Алимбаев Абдикарим Карбекович Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Алимбаев президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын ээлеген.

Связанный пост