Абдель Фаттах Ас-Сиси Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Мисир Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө байланыштуу жүрөктөн чыккан куттуктоосун жана чын дилден каалоолорун жолдоду.
«Бул сүйүнүчтүү күнү мен Мисир менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелердин тынымсыз чыңдалып жатканын кубануу менен белгилейм. Эки достош элдин жалпы кызыкчылыктарын ишке ашыруу максатында өз ара байланыштарыбыз мындан ары да кеңейет деп ишенем.
Менин эң жогорку сый-урматымды жана ыраазычылыгымды кабыл алыңыз. Сизге жеке жашооңузда бардык жакшылыктарды, ал эми достош кыргыз элине мындан аркы бакубатчылыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», – деп айтылат Мисир Араб Республикасынын Президентинин куттуктоо телеграммасында.