А. Касымалиев Армения жана Беларусь менен сооданын потенциалы жетишсиз ачылганын билдирди
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Москва шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири курамдагы жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев сөзүнүн башында, Беларусь Республикасынын төрагалыгы биримдиктин 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун акыркы жылына туш келгенин баса белгилеп, өтүп бара жаткан жылдагы жогорку натыйжалуулукту жана ырааттуулукту көрсөтүп, Союздун күн тартибинин негизги багыттары боюнча прогрессти камсыз кылганы үчүн Беларусь тарапка ыраазычылык билдирди.
“Бул жыл ошондой эле мамлекет башчыларыбыз тарабынан жалпы рынокторду түзүү жана бирдиктүү экономикалык мейкиндикте тереңдетилген интеграциянын негизги максаттуу параметрлерине жетүү үчүн багыт катары аныкталган чоң интеграциялык циклдин аякташын билдирет. 2025-жылга чейинки Стратегияны ишке ашыруу тажрыйбасы беш жылдык циклдердин алкагында ырааттуу иш алып баруу интеграциялык процесстердин башкарылуучулугун жогорулатып, алардын болжолдуулугун күчөтүп, экономикабыз үчүн реалдуу өлчөнүүчү натыйжаларга жетишүүгө өбөлгө түзөрүн ачык көрсөтүп турат”-деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Андан ары МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Биримдиктин экономикалык процесстерин 2030-жылга чейинки мезгилге өнүктүрүү жөнүндөгү декларацияда каралган айрым жагдайларга токтолуп, иш-чаралар планында чакан экономикаларды колдоо сыяктуу принципиалдуу маанилүү багыт өз ордун тапканы өзгөчө кубандыраарын, бул биримдиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык өнүгүү деңгээлиндеги ажырымды кыскартуу боюнча максаттуу иштөөгө мүмкүндүк берип, Биримдиктин максаттарынын бирине жетүүгө шарт түзөөрүн билдирди.
Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мындан ары көңүл бурууну жана макулдашылган аракеттерди талап кылган маселелерге токтолду.
Ал өз ара соода жөнүндө сүйлөп жатып, акыркы он жылда өз ара соода эки эсеге көбөйүп, 100 миллиард долларга жеткенин – бирок, ички союздаш сооданын үлүшү 15%дан ашпай жатканын белгилеп, Кыргызстан үчүн өз ара сооданын 98%ы Россияга жана Казакстанга туура келип, ошол эле учурда, Армения жана Беларусь Республикасы менен сооданын потенциалы жетишсиз ачылганын билдирди.
“Өз ара сооданын структурасын кеңейтүү – бул чийки зат жана финансылык ресурстарга гана эмес, жаңы технологияларга да жеткиликтүүлүк шарттарын биргелешип өркүндөтүүнү талап кылган милдет. Биздин алдыбызда стратегиялык милдет турат – заманбап өндүрүштүк чынжырларды түзүү, инновацияларды стимулдаштыруу жана технологиялык эгемендүүлүктү бекемдөө”- деген МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, эң маанилүү багыттардын арасында логистикалык жана транспорттук байланыштарды бекемдөөнү белгиледи.
МинКаб башчысы өз сөзүндө электрондук сооданы өзүнчө белгилеп, анын туруктуу өнүгүүсү үчүн өз убагында шарттар түзүлгөн менен, учурдагы ченемдер Биримдиктин ичинде тездик менен өсүп жаткан электрондук сооданын бардык маселелерин камтыбай турганын айтып, салык салуу жана маркетплейстер аркылуу сатуу үчүн товарларды жөнөтүүдө алуучуларды аныктоо маселелери боюнча түшүнбөстүктөрдү чечүү чараларын иштеп чыгууну сунуштады.
“Биздин жалпы милдетибиз – бардык мүчө мамлекеттердин бизнеси үчүн жалпы рыноктун толук жана реалдуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ашыкча тоскоолдуктарды ырааттуу түрдө жоюу, жөнгө салуунун ачыктыгын жогорулатуу жана болжолдуу, ыңгайлуу чөйрөнү түзүү. Кыргызстан ишкерлерге – ишмердүүлүгүнүн масштабына жана географиясына карабастан – бирдиктүү, түшүнүктүү эрежелер, заманбап санариптик сервистер жана Союздун жалпы рыногунда натыйжалуу иштөөгө мүмкүндүк берген унификацияланган жол-жоболор жеткиликтүү болушун дайыма колдойт”- деген ал, адамдык капиталды өнүктүрүүнү унутпоону анын ичинде билим берүү тармагында кызматташтыкты кеңейтүү жана квалификацияларды таануу биримдиктин өлкөлөрүнүн жарандары үчүн бирдиктүү мүмкүнчүлүктөр мейкиндигин түзөөрүн жана Биримдиктин интеграциялык потенциалын күчөтөөрүн белгиледи.
Сөзүнүн аягында МинКаб башчысы казак тарапты Биримдиктин жогорку башкаруу органдарындагы алдыдагы төрагалыгы менен куттуктап, Евразиялык экономикалык интеграцияны мындан ары чыңдоо боюнча бул жооптуу ишке ийгиликтерди каалады.