АӨБ Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун каржылоого катышууга даяр экендигин билдирди

Вашингтон шаарында (АКШ) Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масацугу Асакава жолугушту.

 

Анда Кыргызсстан менен АӨБ ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелери, атап айтканда АӨБ тарабынан каржыланган учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

 

Жолугушууда АӨБдүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоорун каржылоого катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду.

 

Акылбек Жапаров АӨБ президентине аталган долбоордун фундаменталдык артыкчылыктарын, сунушталган каржылоо моделин, Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугуна тийгизүүчү потенциалдуу таасирин, ошондой эле бул долбоорду каржылоого катышууга кызыкдар болгон башка маалыматтарды айтып берди.

 

Өз кезегинде АӨБ президенти банктын Камбар-Ата-1 ГЭСин каржылоого катышууга жана региондун энергетика тармагын жана инфраструктурасын туруктуу өнүктүрүүгө салым кошкон долбоорлорду колдоого даяр экенин ырастады.

 

Мында финансылык колдоонун жана финансылык инструменттердин көлөмү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун финансылык моделинин түзүмүнө жараша болот.

 

АӨБ президенти банк өтө жеңилдетилген суверендүү кредиттерден тартып катышуучу-өлкөлөргө, жеке секторду насыялоого жана ар кандай кепилдиктерди берүүгө чейинки финансылык инструменттердин кеңири спектрине ээ экендигин белгиледи.

 

Акылбек Жапаров АӨБгө бул масштабдуу долбоорго жогорку кызыгуусу жана кызматташууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында Акылбек Жапаров АӨБ президентин үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында Австриянын Вена шаарында дүйнөнүн туш тарабынан ар кандай инвесторлорду чогулткан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбооруна арналган энергетикалык инвестициялык форумга катышууга чакырды.

 

Көбүрөөк сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу максатында АӨБ Президенти Австриянын Вена шаарында өтүүчү форумга катышууга чакырууну кабыл алды.

 

Венадагы форумда маанилүү стратегиялык чечимдер кабыл алынаары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна байланыштуу кызыкдар тараптардын билдирүүлөрү жарыяланышы пландалууда.

 

Белгилей кетсек, АӨБ президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Кыргызстанга келет. Анда АӨБ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы, ошондой эле АӨБ тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышуу жана жогорку деңгээлде эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

Связанный пост