Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин жетекчилиги алдында Москва шаарында өткөрүлгөн Кыргызстан министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн биргелешкен отурумунун жыйынтыгында эки тараптуу беш документке кол коюлду.

Алар:

Кыргызстан министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо, медициналык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

2002-жылдын 16-апрелиндеги Кыргызстан өкмөтү менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль ташуулары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;

Кыргызстандын Социалдык фонду менен Россиянын Пенсиялык фондунун ортосундагы пенсиялык камсыздоо жаатындагы маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашуу;

КР Финансы министрлиги, КР Улуттук банкы жана РФ Финансы министрлигинин, РФ Борбордук банкынын ортосундагы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандум;

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен РФ Транспорт министрлигинин ортосундагы транспорт тармагында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

Связанный пост