Акылбек Жапаров: Алдыга койгон амбициялуу максаттарыбызга жана милдеттерибизге жакындап жатабыз

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

 

Ал үстүбүздөгү жылдын 9 айына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Ички дүң продукциянын өсүү темпи 8,4%ды, ал эми Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда 9,7%ды түздү. Курулуштун дүң продукциясынын өсүш темпи 36,9%ды түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу аффинаждалган мунай продуктуларын (1,8 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфия ишин (32,5%га), тамак-аш азыктарын (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки буюмдарын (22,6%га), текстиль өндүрүшүндө, кийим өндүрүшүндө (13,2%га), желим, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүдө (8,8%га), ошондой эле фармацевтика продукциясында (5,9%га) өндүрүү көлөмүнүн өсүшү менен камсыз кылынды.

 

“Биздин экономиканын өсүү темпи кубандырбай койбойт. Биз “Илбирстин секириги” программасын ишке ашырып, алдыга койгон амбициялуу максаттарыбызга жана милдеттерибизге жакындап жатабыз”, — деди Акылбек Жапаров.

Жыйында курулуш, саламаттыкты сактоо, бюджеттик мыйзамдар жана башка тармактар боюнча 20 маселе каралды.

 

Анда, Министрлер Кабинети “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактырды, “Медициналык каражаттардын сапатын жана коопсуздугун баалоо тартибин бекитүү жөнүндө”, “Дарыканаларда дары препараттарын жасоо тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун кабыл алды.

 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып кетүүгө (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча чаралар жөнүндө” чечимдерди кабыл алынган.

Связанный пост