Зардалы айылына чакан ГЭС курулат

 Зардалы айылына чакан ГЭС курулат

Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына кубаттуулугу 29 мегаваттык чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу Жашыл экономика фондунан билдиришти.

Фонддон маалымдашкандай, долбоордун суммасы дээрлик 1,6 млрд сомду түзөт. Долбоор президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарында демилгеленген болчу.

Чакан ГЭС 6,31 гектар аянтка Зардалы дарыясынын нугуна салынат. Иштер “Ак-Буура Групп” ЖЧКсы тарабынан аткарылат.

Бул долбоор Баткен районунун алыскы айылдарын туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо максатын көздөйт. Зардалы айылынын тургундарына жана бул аймактагы чек ара заставасына да электр жарыгы берилет. Азырынча застава дизелдик генераторлор менен камсыздалган, бирок чакан ГЭСтин ишке кириши менен электр чубалгылары биринчи кезекте ушул социалдык маанилүү объектилерге кошулат.

Связанный пост