Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

 Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Бүгүн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, талапкерлер өз аймактарында шайлоочулар менен жолугуп, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн программасы менен тааныштыра алышат.

264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Шайлоого 39 партия катышууда. Шайлоого 4928 талапкер катталып, анын ичинен 3183ү эркек, 1745и аялдар.

Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 5, же андан көп пайызын алган партиялар шаардык кеңештерден депутаттык мандат алышат.

Эске салсак, күн мурун президент Садыр Жапаров элге кайрылуусунда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, бийлик шайлоого кийлигишпей турганын айткан.

Связанный пост