ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Пакистандын Исламабад шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 23-жыйыны өттү.

 

Жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

 

– Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин 23-жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;

 

– ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана жолугушуулар жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын отчету боюнча Өкмөт башчылар Кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими;

 

– Шанхай Кызматташтык Уюмунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун 2023-жылга каржылык отчету боюнча Өкмөт башчылар Кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими;

 

-Шанхай Кызматташтык Уюмунун 2025-жылга бюджети жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;

 

-Шанхай Кызматташтык Уюмунун Катчылыгынын штаттык таблицасы жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;

 

-Шанхай Кызматташтык Уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин штаттык таблицасы жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;

 

-Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосунда “Жаңы экономикалык диалогду” өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими;

 

-2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай Кызматташтык Уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.

Связанный пост