Бийик тоолуу унаа жолдору жаз мезгилине чейин жабылды

 Бийик тоолуу унаа жолдору жаз мезгилине чейин жабылды

Бийик тоолуу унаа жолдору жаз мезгилине чейин жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-борбору маалымдады.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун Кара-Буура ашуусундагы каттамы жана Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусундагы каттамы 14-октябрдан баштап жабылды.

Белгиленген унаа жолдорунда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Чаткал жана Сузак райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу чыгарлып, 2025-жылдын жаз мезгилине чейин жол эки тараптуу жабылганын маалымдады.

Связанный пост