Чет өлкөдө абактарда отурган 22кыргызстандык өлкөгө алып келинди
Кыргызстандын чет өлкөнүн абактарында отурган 22 жараны жана каза тапкан 10 адамдын сөөгү мекенге алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги сентябрь айындагы чет мамлекеттердеги кыргыз элчиликтердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн иши тууралуу берген маалыматында билдирди.
Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, Кытайда, Россияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Казакстанда, Өзбекстанда жана Украинада оор турмуштук кырдаалга туш болгондор Кыргызстанга кайтарылды. Ошондой эле, чет жерде абакта отурган Кыргызстандын 23 жараны менен консулдук жолугушуулар өткөрүлгөн.
Аны менен катар чет мамлекетте эмгектенген Кыргызстандын 10 жаранына 1 млн сомдон ашык төлөнбөгөн эмгек акысын өндүрүү маселеси оң чечилген.