Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшү байкалууда

 Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшү байкалууда

Эпидемиялык мезгилдин башталышы менен республикада курч ресвиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоо менен ооругандардын бара-бара көбөйүшү байкалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, туруксуз аба ырайы (күндүн суукташы) менен шартталышы мүмкүн, бул организмдин коргонуу күчтөрүнүн төмөндөшүнө алып келет жана оорунун өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Ыкчам маалыматтар боюнча, 2024-жылдын 30-сентябрынан 6-октябрына чейинки аралыгында (40-жума) республикада КРВИнин 4663 учуру катталган (и.к. 65,7) 39-жумага салыштырмалуу (и. к. 65,4) оорунун деңгээли 0,4%га жогору. Жалпы ооругандардын 66,7%ы 14 жашка чейинки балдар (3109 учур).

Сасык тумоонун оор өтүшүн алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тобокелдик топторуна киргендер үчүн гриппке каршы 67 миң доза вакцина сатып алынды.

Ошондой эле сасык тумоого каршы эмдөө алууну каалагандар төмөнкү жеке менчик медициналык борборлордон акча төлөп алса болот: Цадмир, Малыш, Кроха, Интермедикал, Эдельвейс, KG, баасы 600-900 сомдон.

Связанный пост