Жыл башынан бери мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттарынан 13 млрд 715,1 млн сом инвестицияланган

 Жыл башынан бери мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттарынан 13 млрд 715,1 млн сом инвестицияланган

Социалдык фонд 2024-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 14,95-16,60% жылдык кирешелүүлүгү менен 7 566,3 млн.сом инвестициялаган.

МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 6 148,8 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,1-17,2% болгон.

Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 13 715,1 млн.сом инвестицияланган.

2024-жылдын январь-сентябрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 3 279,1 млн.сом;

• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 611,0 млн.сом;

• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 14,8 млн.сом.

• башка кирешелер – 2,4 млн.сом;

 

Бардыгы болуп 2024-жылдын январь-сентябрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 3 907,3 млн.сом киреше алынган.

Связанный пост