Президент мунайды кайра иштетүүчү «Кыргыз Петролеум Компани» заводун модернизациялоого “мезгил кутусун” салды

 Президент мунайды кайра иштетүүчү «Кыргыз Петролеум Компани» заводун модернизациялоого “мезгил кутусун” салды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум Компани” заводун модернизациялоого “мезгил кутусун” салуу иш-чарасына катышты.

 

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому менен “ПетроКыргызстан” (Джерси) жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда “Кыргыз Петролеум Компани” биргелешкен ишканасын түзүү боюнча келишим түзүлгөнү белгиленди. “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому өлкөдөгү нефтини кайра иштетүүчү ири өндүрүштүк ишкана болуп саналат жана үч түрлүү мунай продукциясын өндүрөт: АИ 80 бензин, дизель жана мазут. Бул бүтүмдүн катышуучуларынын ортосунда үлүштөр 50/50 пайыздан бөлүштүрүлгөн. 1995-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен инвестициялык макулдашууга кол коюлгандан кийин, чет өлкөлүк инвестор инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерди каржылоо үчүн инвестициялык каражаттарды, анын ичинде мунай иштетүүчү заводду курууга жана өнүктүрүүгө алгачкы салымды берген. Жалал-Абад шаарында нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу 1996-жылдын январында башталып, ошол эле жылдын сентябрь айында бүткөрүлгөн. “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКунун мунайды кайра иштетүүчү заводун көп жылдан бери модернизациялоо зарылчыгы болуп келген, бирок ал иштер максатына жетпей келген.

 

Мамлекет башчысы чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, бүгүнкү окуя – өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи. Бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо менен гана чектелбестен, мунай иштетүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө боло турган олуттуу натыйжага жетишилет.

 

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө өлкөнүн бензин жана дизель отунуна болгон муктаждыгы 1,4 млн тоннаны түзөрүн атты. Бул завод көп жылдан бери Кыргызстандын жогорку сапаттагы бензин жана дизель отунуна болгон муктаждыгын толук канааттандыра албай келген. Тагыраак айтканда, муктаждыктын 6,5%ын гана камсыздай алган. Буга чейин АИ-80, дизел отуну, мазут өндүрүлүп келген. Мындан улам тышкы факторлорго көз карандылык күчөп, ага көп каражаттар жумшалып, көп өлчөмдөгү сапаттуу мунай өнүмдөрүн импорттоого мажбур элек.

 

Президент 2021-жылдын декабрь айында Жалал-Абадга болгон жумушчу сапарынын алкагында ушул жерге келип, ишкананын ал-акыбалы менен таанышып, заводду модернизациялоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды бергенин эске салды. Ал алдын ала эсептөөлөр боюнча завод модернизациялангандан кийин өндүрүштү көбөйтүп, ички муктаждыктардын 32% камсыздай алат, деп айтып өттү.

Заводду модернизациялоо – бул жөн гана жабдууларды техникалык жактан жаңыртуу эмес. Бул келечекке, өлкөнү өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө болгон инвестиция болуп саналат.

 

Мамлекет башчысы алдыга койгон мындай максаттарга жетүү үчүн бул долбоорду каржылоону жана ишке ашырууну камсыз кыла турган бир катар маанилүү документтерге кол коюлганын баса белгиледи. Нефть иштетүүчү заводду модернизациялоого жумшала турган жалпы инвестициянын көлөмү 410 млн АКШ долларын түзөт. Анын 200 млн доллары тышкы инвестиция болсо, 110 млн долларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети каржылайт. Ал эми калган 100 млн долларын болсо “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому өз каражаттарынын эсебинен бөлөт.

 

“Мурда, өзүңөр билесиңер, биз 100 миллион долларды айтпайлы, 100 миллион сом да кошо алчу эмеспиз. Бул акча жеке чөнтөктөрдө эле калчу. Эми болсо аларды өлкөнүн кызыкчылыгына жумшай турган заман келди”, – деди Садыр Жапаров.

 

Ал завод модернизациялангандан кийин Евразиялык экономикалык биримдиктин стандарттарына жооп берген жогорку сапаттагы отун түрлөрүн чыгарып баштай турганын айтты. Муну менен биз нефть өнүмдөрүн импорттоону азайтууга жетишебиз. Өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн башка маанилүү багыттарына акча каражаттарыбыздын башы ачылат. Ошону менен бирге, эң башкысы атмосферага зыяндуу заттардын чыгарылышы азаят.

 

Мындан сырткары, Президент модернизациянын натыйжасында АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензиндин өндүрүшү 12 эседен ашык көбөйөт, ошондой эле дизель отунунун өндүрүшү 40% га көбөйөрүн баса белгилеп айта кетти. Мунайды кайра иштетүүчү заводдун модернизациясы аяктап, жаңыланган завод ишке кирери менен өлкө экономикасына чоң салым кошкон стратегиялык обьектилердин катарын толуктайт.

 

Президент “Кыргызнефтегаз” акционердик коому менен “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилерине кайрылып, заводдун модернизацияланышын катуу көзөмөлдөө менен белгиленген мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү табыштады. Бул маанилүү өндүрүшкө алардын жеке жоопкерчилиги бар экенин унутпоосун да эскертти.

 

Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү жана мунай иштетүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү менен элибиздин жашоо шартын жакшыртуу багытында маанилүү кадамдар жасалып жатканын айтты.

Связанный пост