Жалал-Абадда 400 млн долларлык нефтини кайра иштетүүчү завод курулат

 Жалал-Абадда 400 млн долларлык нефтини кайра иштетүүчү завод курулат

Жалал-Абад облусунда нефтини кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, инвесторлор жаңы заводду курууга 400 млн доллар инвестиция салууда.

“Жалал-Абадда нефтини кайра иштетүүчү чакан завод бар эле. Ошол жерге 400 млн долларга инвесторлор завод курганы жатат. Бул сумма дээрлик жарым миллиард долларга жетет. Ал завод эки жылдын ичинде салынып бүтөрү пландалууда”, – деди Камчыбек Ташиев.

УКМК башчысы белгилегендей, өлкөгө келген туристтер, инвесторлор көбөйдү, Кыргызстандын тынчтыгына, стабилдүүлүгүнө жана эркин экономикалык өнүгүүсүнө бардык адамдардын көзү жетти.

“Ошондуктан чоң-чоң инвесторлор келе баштады. Мамлекетибизде мурдагы уюшкан кылмыштуу топ деген жок, ороп-чырмап алган коррупцияга малынган аткаминерлер азайды. Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматка келем дегендер элге кызмат кылыш керек”, – деп кошумчалады ал.

Связанный пост