Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын элчиси Николас Боулерди кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды.

Парламенттин билдиришкендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев акыркы жылдары кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп: “Эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп, андагы сүйлөшүүлөрдү айтылган сунуштар ийгиликтүү ишке ашырыла баштады. Кыргызстан калыптанган алакаларды дагы кеңейтип, тоо-кен, туризм, билим берүү өңдүү тармактарда кызматташууга кызыкдар. Айрыкча инвестиция жаатында тыгыз иш алып барып, жашыл экономика жана гидроэнергетика боюнча биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет. Бул багытта мүмкүнчүлүктөр өтө чоң”, – деди.

Ошондой эле соңку убактарда Улуу Британия мамлекетинде иштеп жаткан кыргызстандыктарга түзүлгөн шарт-жагдай жакшырганын айтканын төрага муну менен аталган өлкөнүн алдыңкы окуу жайларында окууну каалаган жаштар көп экенин белгиледи.

“Андыктан, Улуу Британиянын жогорку окуу жайларынан билим алууга умтулган студенттерге квотаны көбөйтүү маселесине элчи катары өзгөчө көңүл бурасыз деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады Нурланбек Шакиев.

Өз кезегинде Николас Боулер да айтылган сунуштарды эске аларын белгилеп, эки тараптуу алакалардын учурдагы абалына токтолду. Анын ичинен кыргызстандыктарды Улуу Британияда иш менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү 2029-жылга чейин узартылганын айткан Николас Боулер: “Былтыр 10 миңге жакын кыргызстандык жаран иштеп келди. Бул чет өлкөлөр үчүн бөлүнгөн квотанын 25%ын түзөт. Ошондой эле студенттер үчүн да квоталар 2 эсе көбөйтүлүп, алдыңкы окуу жайларда окууну каалаган кыргызстандыктарга стипендиялык программалар сунушталууда” – деди. Мындан тышкары, Улуу Британиянын айрым жогорку окуу жайлары Бишкекте филиалдарын ачууга даяр экендигин, Кыргызстандагы мектептерди англис тилиндеги окуу китептери менен камсыздоо аракети көрүлүп жатканын маалымдады.

Жолугушууда сөз эркиндигине байланышкан маселелер да талкууланып, төрага Нурланбек Шакиев батыштагы өнөктөштөр, анын ичинен Улуу Британия мамлекети аталган маселеде тынчызданбашы керектигин кошумчалады.

Связанный пост