Төрага Нурланбек Шакиев: Калкты тейлөө борборлорунун иши боюнча нааразычылыктар көп

 Төрага Нурланбек Шакиев: Калкты тейлөө борборлорунун иши боюнча нааразычылыктар көп

Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Шакиев калкты тейлөө борборлорунун ишмердүүлүгүн сынга алды. Бул тууралуу ЖК коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.

“Айрыкча борбор калаабыздагы калкты тейлөө борборлорунун иши элдин көп нааразычылыгын пайда кылууда. Эртең менен саат тогузда баргандардын кезеги түштөн кийин эки-үчтө жетип, жарандар беш-алты саат күтүп, убара тартышууда. Биз баардыгын санариптештирип, жөнөкөйлөштүрүп, калк үчүн жеңилдетебиз дегенибиз менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги ишти абдан начар алып барууда”, – деди Төрага.

Андыктан аталган министрлик маселени тез арада жөнгө салышы керектигин айткан Нурланбек Шакиев мындан башка да өлкөдө талкууланышы зарыл болгон маселелер арбын экенин кошумчалады.

“Ага ылайык, октябрь айынын башында Өкмөттүк күн өткөрүп, Министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрүнүн катышуусунда учурдагы көйгөйлүү маселелерди талкуулап, чечишибиз керек”, – деди.

Связанный пост