Акылбек Жапаров жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

 

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери боюнча маалымат берди.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 17-ноябрында өтө турган шайлоодо 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттар шайланат. Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү менен өлкө боюнча 56 аймактык жана 2438 участкалык шайлоо комиссиялары алектенет. 2024-жылдын 5-сентябрына карата шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 121 миң 44 адамды түзөт.

 

Акылбек Жапаров шайлоо участкаларынын иштеши үчүн тийиштүү шарттарды түзүү, интернет, байланыш жана үзгүлтүксүз камсыз кылууну эске алуу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар, анын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына уюштуруу маселелерин чечүүдө ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Связанный пост