БШК шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады

 БШК шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга дайындалган. Саясий өнөктүктү утурлай, шайлоочулардын алдын ала тизмеси Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп, “Тизме” порталына жайгаштырылды.

 

БШК маалымдагандай, шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмеси күн сайын жаңыланып турат.

 

Республика боюнча алдын ала тизмедеги шайлоочулардын саны 4 млн 114 миң 931, анын ичинен 1 млн 990 миң 507си эркек (48,37%) жана 2 млн 124 миң 424ү аял (51,63%).

 

Алдын ала тизмелер 28-сентябрына чейин 2438 шайлоо тилкесинде илинет.

 

Мындан улам БШК 28-сентябрдан тартып 1-ноябрына чейин жарандарды тизмеден өзүн тактоо керектигин айтты:

– 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;

– «tizme.gov.kg» сайтында;

– шайлоо участогунда;

– паспорттогу идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, шайлоо участогунун номери жана дареги тууралуу жооп алса болот (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

 

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда 1-ноябрга чейин (кошуп алганда) сиз паспорттун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуу керек. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт. Арызды электрондук форматта “tizme.gov.kg” сайтындагы “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Связанный пост