Бишкекте кезектеги III Элдик Курултай өтөт

 Бишкекте кезектеги III Элдик Курултай өтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасында элдик бийликтин негиздерин, улуттук аң-сезимди, элдин биримдигин жана ынтымагын мындан ары бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында, “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 11-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

 

1. Бишкек шаарында кезектеги III Элдик Курултайды

(мындан ары – Элдик Курултай) өткөрүү 2024-жылдын 20-декабрына дайындалсын.

2. Элдик Курултайдын 700 (жети жүз) делегатынын квоталарга бөлүнүшү тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетине, Элдик Курултайдын катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясына (макулдашуу боюнча) тапшырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

жер-жерлерде делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды көрсүн.

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын

29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын

29-ноябрындагы № 324 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.

Связанный пост