УКМК Милициянын кайгуул кызматынын инспекторлорун кармады

 УКМК Милициянын кайгуул кызматынын инспекторлорун кармады

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын инспекторлору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билидиришти.

 

УКМК тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тынымсыз жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кармалгандар сый акы (пара) алып, КР жаранынын транспорт каражатын мыйзамсыз тартып алышканы аныкталды.

 

Тактап айтканда К.Н.К. жана Р.у.Т. аттуу инспекторлор транспорт каражатын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын айып короо жайына киргизүү аркылуу материалдык пайда табуу максатында жаранды пара катары 27 миң сом берүүгө мажбурлашкан, андан кийин баасы 13 миң АКШ долларын түзгөн автоунаасын убактылуу пайдалануу үчүн мыйзамсыз алып коюшкан.

 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 16-сентябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда инспекторлордун жумушчу кабинеттеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо фактысын тастыктаган буюмдар табылып алынган.

 

Кармалган К.Н.К. жана Р.у.Т. аттуу инспекторлор КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Азыркы учурда Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын түзүмүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

УКМК мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Связанный пост