Мамлекеттик бажы кызматы жеңилдетүү режимин мыйзамсыз колдонуу фактыларын аныктады

 Мамлекеттик бажы кызматы жеңилдетүү режимин мыйзамсыз колдонуу фактыларын аныктады

Мамлекеттик бажы кызматы жеңилдетүү режимин мыйзамсыз колдонуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Бажыдан кийинки контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБ тарабынан тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн белгиленген талаптардын жана ченемдердин сакталышын көзөмөлдөөгө багытталган камералык текшерүүнүн жүрүшүндө бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныкташкан.

«Н.» ЖЧКсы тарабынан тарабынан жеңилдетилген режимди мыйзамсыз пайдалануу фактылар аныкталган, алар 3 109 753 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн мыйзамсыз бошотулган. Аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында бажы төлөмдөрүн кайрадан кароо жана түзөтүү жол-жоболору башталды.

Бажыдан кийинки контролдоо башкармалыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык коопсуздугун камсыздоо жаатындагы мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Связанный пост