Садыр Жапаров Астанада Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Астана шаарында Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен иштиктүү жолугушуу өткөрдү.
Германиялык бизнестин өкүлдөрү менен учурашып жатып, мамлекет башчысы бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жардам берерине ишенимин билдирди.