Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Эртең, 17-сентябрда кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-унаа жолу” жана “Эркечтам – унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, чек ара посттору Кытайда “Күз ортосу майрамын” майрамдоого байланыштуу кытай тараптын деилгеси менен жабылууда.
Белгиленгендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарынан адамдарды жана жүктөрдү өткөрүү 18-сентябрда жанданат.