Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин төмөндөшү белгиленди
Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтеринин төмөндөшү белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Алсак, 2024-жылдын август айында өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин төмөндөшү Кыргызстанда (0,3 пайызга) жана Беларуста (0,1 пайызга), ал эми калган ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө жогорулашы байкалган.
2024-жылдын августунда 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу инфляциянын эң жогорку деңгээли (5,3 пайызга) Россияда жана Казахстанда белгиленди, ал азык-түлүк эмес товарлардын баалары (5,0 пайызга) жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (9,1 пайызга) жогорулашы менен шартталган.