Кош бойлуу аялдарга, энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында беш төрөт үйүнө жабдуулар алынды

 Кош бойлуу аялдарга, энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында беш төрөт үйүнө жабдуулар алынды

2024-жылдын 12-сентябрында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жагаштыруу фонду (ЮНФПА) тарабынан уюштурулган жабдууларды тапшыруу аземи өтүп, ал энелердин ден соолугун чыңдоого карай олуттуу дагы бир кадам болду. Сапатты жакшыртууну көздөгөн долбоордун алкагында бул демилге өлкөдө алдын алына турчу энелердин ооруларын кыскартууга багытталган.

 

Салтанатка Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов баш болгон жетекчилер катышып, ал өз сөзүндө: «Бул долбоор өлкөбүз үчүн абдан маанилүү, анткени энелердин алдын алууга мүмкүн болгон ооруларын кыскартууга багытталган. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Индия өкмөтүнө бул колдоо үчүн жана долбоорду ишке ашырган ЮНФПАга ыраазычылык билдирүү менен менин кесиптештериме бул маанилүү долбоорду ишке ашырууда жакшы натыйжаларга жетишүүнү каалайм».

 

Берилген жабдуулар Индия-БУУ Өнүктүрүү өнөктөштүк фонду тарабынан каржыланган долбоордун алкагында сатылып алынган. Ал Кыргызстандын беш пилоттук төрөт үйүндө акушердик көзөмөл жана жооп кайтаруу системасын (АКЖКС) жана телеконсультацияларды колдонуу аркылуу сапаттуу медициналык кызматтарын жакшыртууга багытталган.

Связанный пост