Кыргызстан Гонконгдогу эл аралык көргөзмөдө ата мекендик продукцияларды тартуулайт

Кыргызстан Гонконгдогу эл аралык көргөзмөдө ата мекендик продукцияларды тартуулайт. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

“Кыргыз Экспорт” экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү Борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытай Эл Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен Гонконгдо өткөн эл аралык “ASIA FRUIT LOGISTICA” көргөзмөсүндө ата мекендик продукцияны сыймыктануу менен тартуулайт.

4-сентябрдан 6-сентябрга чейин көргөзмөгө келгендер 30дан ашык продукциянын түрлөрү менен тааныша алышат: тоо бал, жаңгак, бадам, мисте, жемиштер жана пастилкалар (алма, кара өрүк, кулпунай, карагат), төмөн температурадагы вакуумдук кургатуу азыктары жана тоңдурулган кургатылган жемиштер (кулпунай, малина, чычырканак, кара карагат), кургатылган жемиштер, спаржа, өрүктүн өзөгү жана майы.

Продукция Кыргыз Республикасынын мөмө өстүрүүчүлөр Ассоциациясы, “Аспа фарм”, “Оско”, “Накта катары”, “Алыш-Дан” ЖЧК, “ЭксимТор” ЖЧК, “Бионур” ЖЧКсы ж. б. тарабынан берилген.

Көргөзмө “ASIA FRUIT LOGISTICA” дүйнөдөгү бардык алдыңкы мөмө-жемиш импортерлорун жана дистрибьюторлорун камтыган негизги платформа болуп саналат. Гонконг дүйнөдөгү эң ири импортерлордун бири катары эл аралык соодада маанилүү ролду ойнойт. Кыргыз Республикасы үчүн – мындай деңгээлде биринчи жолу катышуу, бул экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана эл аралык рынокторго чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Связанный пост