Улуттук банк валюта рыногунан 22,5 млн доллар сатып алды

 Улуттук банк валюта рыногунан 22,5 млн доллар сатып алды

Кыргызстандын Улуттук банкы 5-сентябрда тескери интервенция жасап, валюта рыногунан 22,5 млн доллар сатып алды. Бул тууралуу каржылык жөнгө салуучу органдын сайтында маалымдалат.

 

Ошентип, Улуттук банк бүтүмдүн датасы боюнча эсептешүүлөр менен 1,5 млн доллар жана бүтүмдүн датасынан башка күнү 21 млн доллар сатып алган.

 

Эскерте кетсек, 6-сентябрга карата доллардын курсу 84,23 сомду түзүүдө.

Связанный пост