Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 259 айдоочу аныкталды

 Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 259 айдоочу аныкталды

Кыргызстанда 26-августтан 1-сентябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 769 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

 

тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 645;

мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 259;

авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 72;

жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 522;

транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 672;

авто ээнбаштык – 13;

белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 881;

жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;

башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 711;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 634 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

 

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост