Кыргызстанда жашылчанын дүң жыйымы 127 миң тоннага көп жыйналды

 Кыргызстанда жашылчанын дүң жыйымы 127 миң тоннага көп жыйналды

Жашылчанын дүң жыйымы – 539,4 миң тонна, же 2023-жылдан 127 миң тоннага көп жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал эми бахчанын дүң жыйымын – 187 миң тонна, бул өткөн жылдан 61 миң тоннага көп. Ал эми мөмө-жемиштер – 44 тонна жыйналып, өткөн жылдан 10 миң тоннага көп болду.

Ошондой эле учурда дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жогорку деңгээлде жүрүүдө. Жалпы 417 миң га, башкача айтканда 70% жыйналып, өткөн жылдан – 29 миң га көп болууда. Алсак;

  • буудай  217 миң га 90,1 % жыналды, бул өткөн жылдан 16,9 миң га көп. Түшүмдүүлүгү – 29,7 ц/га, же 2023-жылдан 6 ц/га көп. Жогорку түшүмдүүлүк Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында 30-33ц/га болууда. Ал эми дүң жыйым 644,6 миң тонна, башкача айтканда 2023-жылдан 256 миң тоннага көп.
  • арпа -193,0 миң га же 77 % түзүп, өткөн жылдан 31,2 миң га көп жыйналууда. Түшүмдүүлүк – 26 ц/га түзүп, өткөн жылдан 4 ц/га көп. Дүң жыйым болсо – 500,7 миң тонна, бул былтыркы жылдан 144,4 миң тоннага көп болду. Ал эми арпанын жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда 29 ц/га болууда.
  • жүгөрү – жалпы 8 миң га, же 7,5% жыйналып, түшүмдүүлүк 80 ц/га, былтыркыдан 7,4 ц/га көп. Дүң жыйым 62,2 миң тонна жыйналып, 2023-жылга салыштырмалуу 8,5 миң тоннага көп болууда. Ошондой эле эң жакшы түшүмдүүлүк Ош облусунда 99 ц/га болууда.

Ал эми картошканын 19 миң га, тактап айтканда 28 % казылып, түшүмдүүлүк – 176,3 ц/га болуп, өткөн жылдан 4,6 ц/га көп. Дүң жыйым 310,5 миң тонна, өткөн жылдан 43,6 миң тоннага көп. Ал эми Ысык-Көл жана Чүй облустарында 182,8-184 центнерден түшүм алышууда.

Связанный пост