Акылбек Жапаров Президенттик Администрациясынын «Ынтымак Ордо» жаңы имаратында биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын “Ынтымак Ордо” жаңы имаратында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Президенттик администрациясынын үстүбүздөгү жумадагы иш планы талкууланды.

«Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы – жаңылануунун символу.  Жаңы имаратта иштөө бул жөн эле жер алмаштыруу эмес, бул мамлекетибиздин тарыхынын жаңы барагы.  Элибиздин бакубат жашоосу үчүн жан-дили менен иштөөгө милдеттүүбүз», – деди Акылбек Жапаров.

Жыйынга президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.

Связанный пост