“Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилди
29-августка карата “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 420 млн 305 миң сомго 1 миң 293 насыя берилди. Банктар боюнча алганда:
- “Айыл Банк” ААК – 209 млн 820 миң сомго 656 насыя;
- “Элдик Банк” ААК – 210 млн 485 миң сомго 637 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3 млрд 331 млн сомго 8 миң 206 насыя берилди. Анын иченен банктар боюнча алганда:
- “Айыл Банк” ААК – 1 млрд 665 млн 864 миң сомго 4 миң 161 насыя;
- “Элдик Банк” ААК – 1 млрд 665 млн 210 миң сомго 4 миң 45 насыя.
Ошентип, жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 3 млрд 751 млн 380 миң сомго 9 миң 499 насыя берилди.