Аксыда 500 тонна мөмө-жемишти сактай турган логистикалык кампа курулду

 Аксыда 500 тонна мөмө-жемишти сактай турган логистикалык кампа курулду

Аксы районунда жалпы 500 тонналык мөмө-жемишти сактоочу логистикалык кампа ачылды. Бул тууралуу Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкана сезон убагында 10дон ашуун жергиликтүү тургунду иш менен камсыз кылат. . Анын сметалык баасы 22 млн сомду түзгөн.

Ошондой эле аталган райондун Жерге-Тал айылында мөмө жемиштин кагын кайра иштетүүчү логистикалык борбор сентябрь айынан тартып толук кандуу ишке берилет. Ишкана сезон убагында 25 адамды туруктуу иш менен камсыз кылат.

Ишкананын курулушу жана керектүү жабдык менен камсыздоого жалпысынан 26 млн 800 миң сом сарпталган. Борбордо кара өрүктүн кагын кайра иштетип, таңгактап, даяр продукцияны Казакстан, Россия жана Өзбекстанга экспортко чыгаруу каралган. Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 50 тонна мөмө жемишти кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Связанный пост