Кыргызстанда жети айда 176 миң куту тамеки мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды

 Кыргызстанда жети айда 176 миң куту тамеки мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды

2024-жылдын 7 айында Кыргызстанда акциздик товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн кыскартуу боюнча иш-чаралардын алкагында 176 миңден ашык куту тамеки тартып алынган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

 

Ведомстводон билдиришкендей, негизги эреже бузуулар чет өлкөдө өндүрүлгөн Oris, Milano, Like, Mondeo жана Morbella бренддерди акциздик маркалары жок тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоо же сатуу болгон.

 

Эскерте кетсек, КРнын мыйзамына ылайык акциздик маркалары жок 1000 даанага чейин тамеки саткандар үчүн 65 миң сом айып, ал эми 1000 даанадан ашык саткандар үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

 

Салык кызматы ишкерлерди тамеки буюмдарын акциздик маркалары жок сатуудан баш тартууга жана продукцияларга акциздик маркалардын аныктыгын кылдат текшерүүгө чакырат.

 

Мындан сырткары, сертификаты жок жана мыйзамсыз тамекилерди чегүү жарандардын ден соолугуна олуттуу зыян тийгизиши мүмкүн.

Связанный пост