“Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө тартиби бекитилди

 “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө тартиби бекитилди

Министрлер кабинети “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Документ президенттин “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

 

Анда ар бир жетим бала үчүн 18 жашка толгондо “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитинин акчалай каражаттарынын өлчөмү 500 миң сомдон кем эмес белгиленет.

 

“Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити боюнча пайыздык ставка “Айыл Банк” ачык акционердик коому тарабынан Финансы министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен макулдашуу боюнча белгиленет.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому менен биргеликте төрт айлык мөөнөттө “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитинин каражаттары чыгымдалышы ыктымал болгон Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин билим берүү уюмдарында билим алуу, ден соолукту чыңдоо жана турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча багыттардын тизмесин иштеп чыгуу жана министрлер кабинетинин кароосуна киргизүү тапшырылды.

Связанный пост