Бишкекте жыл башынан бери баалардын максималдуу өсүшү катталды
Үстүбүздөгү жылы январь-июлда (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 2,3%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.
Жумалиевдин айтымында, анын ичинен алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки каражаттарынын баасы 7%га, азык-түлүк эмес тоарлардын баасы 2,4%га, тамак-аш азыктарынын жана алкоголдук суусундуктардын баасы 0,8%га жана калкка кызмат көрсөтүү тарифтери 3,7%га өскөн.
“Бул аралыкта керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) Жалал-Абад облусундагы 0,4%га төмөндөөнү кошпогондо республиканын бардык аймактарында байкалган”, – деди ал.
Ошентип баалардын максималдуу 3,2% өсүүсү Бишкек шаарында катталган.